
Баткен районундагы Тажикстан менен алмашылган Достук айылынын тургундары үчүн 71 үйдүн курулушу алдыдагы үч ай аралыгында бүткөрүлөт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, калган үйлөр боюнча чечим кабыл алына элек.
«Комиссия чечим кабыл алып, кайсыл жерге курууну чечсе ишти баштайбыз», — деди ал.
Баткен облусу боюнча жалпысынан 253 үй жайгашкан аймак Тажикстан менен алмашылган. Алардын 179у Баткен району, 74 үй Лейлек районунда.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Жогорку Кеңеште Лейлек районундагы айылдардан көчө турган тургундар үчүн кыргыз тарапка өткөн Кайрагач аймагында турак жай салынарын билдирген.
Ташиев Достук айылы сууну толугу менен Тажикстандан алып, туруктуу 30-40 үй-бүлө жашап келгенин белгилеген. Ал айылда кожолугу барлардын бардыгына Чет-Булактан 10 сотыхтан үй курууга жер берилерин айткан. Мындан сырткары келечекте үй салганга деп кошумча 10 сотых, Кызыл-Белден айыл чарбага үлүш катары 9 сотых жер берилерин кошумчалаган.