Дыйкандарга экинчи түшүм катары тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын жазгы жана күзгү түшүмдөр алынгандан кийин эгин айдоо аянттарына экинчи түшүм катары тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүнү сунуштайт.

Бул өсүмдүктөргө — жүгөрү (силоско), сорго, соя жана башка мал үчүн тоют болуучу өсүмдүктөр кирет.

Мындай кадам мал чарбачылыгы өнүккөн аймактарда кыш мезгилинде малды жашыл тоют, кургак чөп (сено), сенаж жана силос менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт.

Министрлик бул сунуш фермерлерге киреше табуунун жаңы булагы болуп, малдын азык-түлүк базасын бекемдөөгө жардам бере тургандыгын белгилейт.

21 Май 2025 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча