Жергиликтүү тургундардын бири УКМК төрагасы менен жолугушууда колунан келгени-келбегени деле ресторанды 6-7 саат ээлеп алып той берип жатканын айтып, андан эл деле тажап бүткөнүн белгилеген.
«Бизди кыргыздын тою түгөтө турган болду. Убактыбызды да, акчабызды да, башканы да алып атат. Кээ бир адамдарды карап үлгү алыш керек экен. Төбөсү көккө жеткендердин деле тою үйүндө эле өтүп жатат. Биздики колубуздан келгени да, келбегени да ресторанды 6-7 саат ээлеп алат. Баягы эле ыр, баягы эле музыка. Ушуну бир мыйзамга киргизип же тартипке салып берсеңиздер», — деген ал.
Камчыбек Ташиев «Мен катуу киришишим керек экен да. Мындай кылсаңар мен катуу киришем«, деп күлүп жооп берген.