
Эртең, 19-октябрда Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык ичүүчү суу «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтомдорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштеринин жүрүгүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү 9:00дөн — 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, «Жумушчу шаарчасы», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.