Эскертүү! Кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинен 18-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:

— Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
— 222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
— Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
— Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

«Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар. Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кандайдыр бир кырдаалга күбө болгондорду «112» кызматына билдирүүгө чакырат.

17 Апрель 2024 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча