Эвакуацияланган унааны онлайн аныктоо мүмкүнчүлүгү пайда болду — мэрия

Эвакуацияланган автоунааны онлайн аныктоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, “Менин шаарым” мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулуп, эвакуацияланган автоунааны кайсы унаа токтотуучу жайга алып кеткендигин мобилдик тиркеме аркылуу билүүгө болот.

“Тилекке каршы жарандар көчөнүн четтерине унааларын токтотуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратышууда. 200-300 метр жөө баскандан ээринген айдоочулар барчу жерине чейин барып унаасын токтотуп салышууда. Мында мыйзам чегинде чара көрүлүп, унаалар эвакуацияланууда. Эвакуацияланган унааларын ээлери таап алышы үчүн ыңгайлуу система ойлоп таптык. Кайгуул кызматы жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы аркылуу эвакуацияланган транспорттун бары мобилдик тиркеме аркылуу картадан көрүнүп турат. Мында телефон номерлер да көрсөтүлгөн. Азыр эвакуациянын, унаа токтотуучу жайдын акысын ошол мобилдик тиркеме аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуудабыз”,- деди Жумалиев.

Эвакуациялоонун жобосуна ылайык, жеринде патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери сөзсүз болуп жарандын жол коопсуздук эрежелерин бузгандыгын тастыктап, жеринен протокол түзүлөөрүн ишканасынын директору маалымдады. Андан соң, тиешелүү кызматкерлер системага унаанын номерин жана унаанын видеосун киргизишет. “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен унаанын ээси унаасын мамлекеттик номери аркылуу издеп табат.

25 Сентябрь 2025 жыл 13:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча