Футбол күйөрмандары кир отургучтарга отуруп көрүштүбү?

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Малайзиянын курамаларынын беттешине барган күйөрмандар оюнду кир отургучтарда отуруп көрүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу футбол күйөрмандары соцтармактарда билдирүүдө.

Алардын айтымында, отургучтардын үстүндөгү чаңдан улам кийимдерин кирдеткендер болсо, бир топ адам оюнду көрбөй эле алдына койгонго баштык, кагаз издеп жүрдү. Футболго келгендерге кире бериште эле отургучтарга коюу үчүн баштыктар берилген, бирок ал баарына жеткен эмес.

Алар Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилигине нааразычылыгын билдирип, билет сатып алып келген күйөрмандарга жөнөкөй шарттарды түзүп бере албаганын сынга алууда.

Эскерте кетсек, 6-июнда өткөн беттеште эки команда 1:1 эсеби менен тең чыкты.

7 Июнь 2024 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча