
Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт 2025-жылдын 4-февралына чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.
Атайын кызмат Виталий Гергертке козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.