Гимнди ырдай албай койгон депутат эсиңиздеби? Ал кайрадан ЖКга депутат болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандаты «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында депутаттыкка талапкерлердин кезегинде турган Пархат Түлендыбаевге берилди.

Ал «КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.

Эл өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Белгилей кетсек, Пархат Түлендыбаев Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.

Эске салсак, бүгүн, 23-январда ЖКнын депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

23 Январь 2025 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча