ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт койду

Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Ведомствонун маалыматына караганда, тергөөнүн жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алар 1966-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган М.М.А., 1987-жылы туулган С.А.Т., ошондой эле уюштуруучу катары шектелип жаткан 1997-жылы туулган А.У.А. болгон.

Кармоо иштери бир нече дарек боюнча бир убакта жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн качып кетүүсүнө жана далилдерди жок кылууга жол берилген жок.

Кармалгандардын жашаган жерлеринде жана атайын жабдылган жашыруун жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында төмөнкүлөр табылып, алынды:

Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 78 к.г 660 гр. болгон баңгизаттар: апийим —18 кг. 385 гр., гашиш — 60 кг. 275 гр.;
улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы ири суммадагы акча каражаттары: 40 миң 700 доллар, 8 млн өзбек суму жана 303 миң сом;
электрондук таразалар, таңгактоочу материалдар жана башка баңгизат соодасына байланыштуу буюмдар.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кармалгандардын өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.

20 Июнь 2025 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча