Ички иштер министри Улан Ниязбеков кызматтан алынып, анын ордуна Канат Жумагазиев дайындалары күтүлүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ жазды.
Маалыматка караганда, Канат Жумагазиев министр кызматына жакынкы мезгилде дайындалып калышы мүмкүн.
Канат Жумагазиев 46 жашта. Ички иштер органдарында 1997-жылдан бери иштейт. Ал буга чейин Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустук жана Бишкек шаардык милицияны жетектеп, 2023-жылдын март айында президенттин Чүй облусундагы өкулү болуп дайындалган.
Ал эми Улан Ниязбеков 2020-жылдын октябрь айынан бери ички иштер министри кызматын ээлеп келет.