SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык миллиардер Илон Маск тарыхта 600 млрд долларлык байлыгы бар тарыхта биринчи адам болду. Бул тууралуу Forbes журналы билдиргенин Известия жазды.
Маалыматка караганда, Масктан башка тарыхта башка эч кимдин 500 млрд долларлык байлыгы болгон эмес.
Басылманын маалыматы боюнча, SpaceXтин рыноктук баасы августта 400 млрд долларды түзгөн, декабрь айында 800 млрд долларга чейин көтөрүлдү. Компания 2026-жылы акцияларды сата баштайт жана анын баасы болжол менен 1,5 трлн долларга жетет деп күтүлүүдө.
9-декабрда SpaceX өзүнүн X социалдык медиа платформасында (мурдагы Twitter) Falcon 9 ракетасы АКШнын электрондук чалгындоо спутниктеринин тобу менен орбитага чыкканын жарыялаган.
Спутниктердин максаты жана саны тууралуу маалыматтар жашыруун экени айтылган.