Индияда учак кырсыгында каза тапкандардын саны 274 кишиге жетти. Бул тууралуу NDTV басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, Air India авиакомпаниясына таандык Boeing 787-8 Dreamliner учагынын бортунда 242 адам болгон, алардын ичинен бирөө гана аман калган. Каза болгон дагы 33 киши учак кулап түшкөн конуштун тургундары.
Лайнер Индиянын Ахмедабад шаарынын жанында жергиликтүү дарыгерлер жана медик-студенттер турган жатаканага урунуп, ал жерде жашаган он дарыгер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү каза болгону айтылды.
Буга чейин учак кулаган жерден 50дөн ашуун адам ооруканага жатканы жана бир нече киши дайынсыз экени кабарланган.
Эске салсак, Лондонго жол тарткан жүргүнчү учак 12-июнда Индиянын Ахмадабад аэропортунан көтөрүлгөндөн көп өтпөй калктуу районго кулап түшкөн жана медициналык коллеждин имаратына урунган.