Индиянын түндүк тарабындагы Химачал-Прадеш штатында болгон жер көчкү жүргүнчүлөр автобусун басып калып, кеминде 15 адам каза болду. Бул тууралуу India Today телеканалы кабарлаганын, ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, автобустун ичинде 30дан ашуун киши болгон. Анын ичинен 15 жүргүнчүнүнказа тапканын айтылып, 3 адам аман калып, куткарылды.
“Куткаруу иштери өзгөчө кырдаал режиминде жүрүп жатат. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тапшырма берилди”,-деп штаттын башкы министри Такур Сукхвиндер Сингх Сукху билдирген.
Белгиленгендей, акыркы айларда Химачал-Прадеште нөшөрлүү жамгырлар көп болууда. Бул аймакта жамгырдын сезону июндун аягынан сентябрга чейин созулат. Бул убакыт аралыгындагы аба ырайына байланышкан кырсыктардан улам дээрлик 500 адам каза тапкан.