Индиядагы учак кырсыгынан эч ким аман калган жок. 242 адам каза болду

Индиянын Ахмедабад шаарынын жанында болгон авиакырсыктан эч ким аман калган жок деп болжолдонууда.

Indian Express басылмасы жергиликтүү полицияга шилтеме кылып борттогу 242 кишинин бардыгы каза тапканын жазды.

Ал эми ANI News агенттиги аман калган бир жүргүнчү табылганын, дагы бири ооруканада экенин полицияга таянып кабарлады.

Air India авиакомпаниясынын Лондонго бет алган Boeing 787-8 Dreamliner учагы асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган.

AFP агенттиги калаа полициясынын башчысына таянып жазганына караганда, учак кеңселер, турак үйлөр орун алган жерге кулагандыктан каза тапкандардын саны мындан көп болушу мүмкүн.

Индиянын Медициналык ассоциациясы лайнер жергиликтүү дарыгерлер жана медик-студенттер турган жатаканага ураганын, 50-60 киши ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Бир нече киши дайынсыз болууда.

Буга чейин Рейтер куткаруучулар имараттардын биринен 30 кишинин сөөгүн алып чыкканын билдиришкен.

Ал эми кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Эксперттер аэропорттун айланасындагы аба ырайы жакшы болчу деп айтууда.

13 Июнь 2025 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча