Ипотекага үч ай акчасын төлөбөгөндөрдүн батири алынат

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу боюнча ипотекага үй алган адам каражатты үч ай төлөбөсө келишим жокко чыгарылып, батир мамлекетке алынат. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 10-январда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.

“Акчаны эмне себептеп төлөй албай калды, ага эмне таасир этти 90 күндүн ичинде кардар менен иш алып барабыз. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Кардар төлөмдү өткөрүп жиберсе ал ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбайт”, — деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров да Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак-жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин билдирген. Мамлекет башчы кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар экенин айтып, айлыгы аз, туруктуу жумушу жокторду биринчи бир бөлмөлүү батир алып турууга чакырган.

10 Январь 2025 жыл 14:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча