Үй — үмүттүн башаты: Жалал-Абадда 870тен ашык ипотекалык батир тапшырылды

Бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад шаарында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ипотекалык үйлөрдү тапшыруу аземи өтүп, 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болду.

— “Бул — Кыргызстандын ипотекалык саясаты үчүн чыныгы тарыхый кадам. Буга чейин 2147 батир Бишкекте тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашып жатат”, — деп белгиледи Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.

Анын айтымында, бул турак жайлар Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуп, чындап муктаж болгон жарандарга берилди.

“Үй — адамдын тынчтыгы. Тынчтык — элдин келечеги. Бул ипотекалык үйлөр курулган жер тилкелери мурда күмөндүү жолдор менен жеке адамдардын колуна өтүп кеткен. Президенттин тапшырмасы менен, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин түз кийлигишүүсү аркылуу мамлекетке кайтарылып, бүгүн элге кызмат кылып жатат”, — деп кошумчалады ал.

Учурда өлкө боюнча 60 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 11 204 батир курулууда. Бул — өлкө тарыхындагы эң ири жана системдүү турак жай саясаты.

“Бул кадам — адилеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон саясий эрктин айкын далили. Бул — Президенттин стратегиялык көз карашынын жана элге болгон жоопкерчилигинин жогорку белгиси”, — деп жыйынтыктады Туманбаев.

12 Май 2025 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча