Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аял. Милиция жаңы жагдайларды айтты

Күн мурун Бишкекте аял мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Каргашалуу окуядан кийин социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап жатат. Ал арада Бишкек шаардык милициясы тергөөнүн купуялуулугун эске алып, бир катар маалыматтар менен бөлүштү.

Бишкекте каза тапкан аялдын үй-бүлөсүндө буга чейин чыр-чатак болгон. Муну маркумдун жакындары милицияга тастыкташкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев журналисттерге билдирди.

Азамат Токтоналиевдин айтымында, жубайлар 10 жылдан бери бирге жашап келген. Буга чейин үй-бүлөдө зомбулук катталганы текшерилгенде, милицияга эч кандай билдирүү келип түшпөгөнү белгилүү болду.

«Бирок, маркумдун жакындары быйыл жубайлар Балыкчыга конокко барганда кызганычтын айынан алардын ортосунда чыр-чатак болгонун айтышкан. Азыркы учурда шектүү менен маркум аялдын ортосундагы ажырашуу арызы сотто каралып, соттук отурумдар болуп жаткан», — деди ал.

Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси белгилегендей, окуя тууралуу милицияга кечки саат тогузда маркумдун сиңдисинен “адамды уурдап кетти” деген маалымат келип түшкөн. Дареги да белгисиз болгондуктан, “Коопсуз өлкө” системасы аркылуу шектүүнүн унаасы табылып, жүргөн жери аныкталган.

«Окуя болгон үйгө ыкчам топ барганда эшик ачылбагандыктан, батир 1-кабатта жайгашкандыктан, кызматкерлер терезе аркылуу кирип, шектүүнү кармашкан. Шектүү ошол учурда мас абалда болгон”, — деди ал.

Милициянын маалыматына таянсак, маркум Кыргыз экономикалык университетинде мугалим болуп иштечү. Ошол күнү соттон кийин бир пикирге келели деп жолугуп, экөө бирге батирге барышкан. Эң улуу баласын таенесиникине калган балдарын алып келүүгө жиберишкен.

“Шектүү 2019-жылга чейин милиция кызматында иштеп пенсияга чыккан. Расмий уруксаты бар травматикалык тапанчасы болгон. Азыр муну карап чыгуу үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деди Азамат Токтоналиев.

24 Декабрь 2025 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча