Көп учурда жөө жүргүнчүлөр да тыгын жана жол кырсыктарын жаратат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу «Кабар» агенттигиндеги түз эфирде жол кырсыктарынын 32 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болорун билдирди.

Анын айтымында, жөө жүргүнчүлөр да тыгындарга жана жол кырсыктарына күнөөлүү болушат.

«Өзгөчө Ош базарынын аймагында жөө адамдар жолдон туш келди өтө беришет. Аларды өткөрүү үчүн унаалар токтоп, тыгындар жаралат. Айдоочу саатына 60-70 чакырым ылдамдыкта келе жатса, ал мектеп окуучусу болобу же чоң адамбы, токтоп же айланып өтө албайт. Бул жол тыгынын же кырсыкты жаратышы мүмкүн.

Биздин кызматкерлер окуу жылы башталгандан бери мектептерде ата-энелерге балдарын өз алдынча көнүп кеткенге чейин коштоп жүрүү керектигин эскертип келишет. Бул жерде адамдык фактор бар. Мамлекет кандай гана шарттарды түзбөсүн, адамдык фактор дайыма болот. Айдоочу да, жөө жүргүнчү да жоопкерчиликти сезип, жол эрежелерин сакташы керек», — деди ал.

16 Сентябрь 2025 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча