
Чүй облусунун ИИБнин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-январда милицияга төшүнө бычак тийип, ооруканага жеткирилген жаран тууралуу маалымат түшкөн.
Тартип сакчылары шектүүнүн өздүгүн аныктап, кармашты. Ал 48 жаштагы Т.А. аттуу жаран болуп чыкты жана ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2024-жылдын ноябрь айында Т.С. аттуу жаран Instagram социалдык түйүнү аркылуу А. аттуу аял менен таанышып, экөөнүн ортосунда интимдик мамиле түзүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу аялдын күйөөсү (шектүү Т.А.) билип, Кара-Балта шаарында жубайынын ойношу менен жолугуп, аны көкүрөк тушка бычак менен сайып жиберген.