
Кара-Кулжа районуна караштуу Жийде айылында заманбап бала бакчанын курулушу уланууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет.
Долбоорго ылайык, бала бакча 60 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдаманы каралат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо жумуштары 70 пайызга аткарылды.
Курулуш ишинин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.