
Кара-Кулжа районунун аймагында мыйзамсыз курулуштар алынып, жолдор кеңейтилүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа айыл аймагынын Ж.Калматаев, Т. Самидинова көчөлөрүндө кызыл сызыкка чыгып кеткен ар кандай багыттагы курулуштар алынып, жолдор кеңейтүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун Кара-Кочкор айыл аймагын аралап өткөн бөлүгүндө жол боюна чыккан чыгып кеткен курулуштарды алуу боюнча тиешелүү адистер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришти.
Белгилей кетсек, учурда Ош облусунун бардык аймактарында президенттин жарлыгынын жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругунун негизинде кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алуу жана аларды тазалоо боюнча иштер уланууда.