Кара-Кулжада Тар дарыясына түшүп кеткен бала изделүүдө

Кара-Кулжада Тар дарыясына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн сууга түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөөгө жалпы 116 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 20-апрелде Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала түшүп кеткени тууралуу маалымдалган.

Кошумча маалымат берилет.

22 Апрель 2025 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча