Кара-Сууда жер тилкелерин мыйзамсыз берген кылмыштуу топ аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен алектенген уюшкан топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Кара-Суу районунун прокуратурасы жана ички иштер бөлүмү менен биргеликте жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктады.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Алдамчылык» беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «Ачы» тилкесиндеги жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схема уюштурулган. Мыйзамсыз иштерди уюштуруучулардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн айыл чарба, жер маселелери жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Ш.А., райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башкы адиси Т.А.П., Агрардык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары А.М.М. жана коомдук комиссиянын мүчөлөрү Б.О.Н., Ю.И.М. бар.

3-июлда жогоруда аталган адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

11 Июль 2025 жыл 17:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча