
23-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш азем КР Премьер-лигасынын 11-турунун алкагындагы «Барс» (Каракол) – «ОшМУ» (Ош) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат.
Ачылыш азем саат – 18:00дө башталып, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00дө жаңырат.
Азем белгилүү ата мекендик алдыңкы эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.