Кардиохирургиядагы өрт. Министр эвакуацияланган бейтаптардан кабар алды

Саламаттыкты сактоо министри эвакуацияланган бейтаптардан кабар алды.

Ведомстводон билдиришкендей, Эркин Чечейбаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптарга барып, алардын абалы менен таанышты.

Ошондой эле медицина кызматкерлери менен баарлашып, дарылоонун жүрүшүн талкуулады.

Саламаттык сактоо министри өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бейтаптарды бардык зарыл нерселер менен камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

12 Февраль 2025 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча