Калк үчүн көмүрдүн баасынын ыксыз көтөрүлүшүнө жол бербөө керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди.
Жыйында Адылбек Касымалиев бааны жогорулатпоо боюнча Монополияга каршы кызматына катуу тапшырма койду.
Ошондой эле төрага бардык облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын кышка карата даярдыгы боюнча баяндамаларын угуп, калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоо үчүн бир катар тапшырмаларды берди.