
8-июндан тарта Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстанга жүк ташуу арзандайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, “Казакстан темир жолу” ишканасынын 2025-жылдын 23-майындагы буйругуна ылайык, дан жүктөрүн ташуу — 55 пайызга чейин, мунай зат жүктөрүн ташуу — 20 пайызга чейин, башка жүктөрдүн түрүн ташуу — 50 пайызга чейин төмөндөтүлөт.
Белгилей кетсек, апрель айында жүктөрдү Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзит менен ташууда тарифтерди төмөндөтүү маселеси боюнча эки тараптуу жолугушуу өткөрүлгөн.
Анда Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз Республикасынан чыккан/кирген жүктөрдү Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик ташууда бирдиктүү тарифтин деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө макулдашууларга жетишилген.