
Казакстандын Павлодар облусунда бейшембиде болгон катуу шамалдан 16 киши жабыркап, каза болгондор да бар экенин «Казинформ»агенттиги билдирди.
«Павлодар облусунда катуу шамалдан жабыркагандардын саны 16га жетти, алардын арасында балдар да бар», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин мамлекеттик агенттик тез жардам станциясына шилтеме берүү менен тогуз адам жабыркаганын, алардын арасында үч бала бар экенин билдирген.
Секундасына 43 метрге чейин жеткен катуу шамал ондогон имараттарды бузуп, электр жарыгын өчүрүп, адам өлүмүнө чейин алып келген.
Билдирүүдө курман болгондордун саны берилген эмес. Бирок, башка маалымат каражаттары дарак кулап каза болгон аял тууралуу маалымат жарыялады.
Павлодарда 47 объекттин, Аксу жана Экибастуз шаарларында 23 объекттин, райондордо жетиден кем эмес объектинин чатыры жабыркаган.
Аймактын бир нече калктуу конуштарында электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.