Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 4 медаль багындырды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 4 медаль багындырды.

Дене тарбия жана спорт депаратментинен билдиришкендей, спорттук иш-чара Казакстандын Тараз шаарында өтүп, Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.

Белгилей кетсек, 70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев мелдештин жеңүүчүсү аталса, Алмаз Сманбеков (61 кг), Аден Сакыбаев (70 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) коло медалга ээ болушту.

23 Декабрь 2024 жыл 13:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча