Казакстандын президенти Садыр Жапаровго «Алтын Кыран» орденин тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы – “Алтын Кыран” орденин тапшырды.

«Бул сыйлык сый-урматты гана эмес, эки өлкөнүн ортосундагы терең тилектештик жана өз ара урматтоону да билдирет», — деп белгиледи Токаев.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта расмий сапар менен Кыргызстанга келген.

22 Август 2025 жыл 15:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча