Келечекте Германияга эт жана сүт экспорттоо пландалууда

Келечекте Германияга эт жана сүт азыктарын да экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-26 at 17.55.36.jpeg
Анын айтымында, ушул тапта Германияга Кыргызстандан кургатылган жер-жемиштер, кол өнөрчүлүк буюмдары, жеңил өнөр жай продукциясы жана дары чөптөр экспорттолууда.

«Келечекте Айыл чарба министрлиги менен тыгыз кызматташып, Германияга экспорттоого буга чейин тыюу салынып келген эт жана сүт азыктарын да экспорттоону пландап жатабыз. Анткени, бул азыктарга суроо-талап жогору. Учурда ошондой эле тоңдурулган продукцияларга да кызыгуу артууда — айрыкча Сербиядан. Ал жакта бул товарлар таңгакталып, Европанын башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга да жөнөтүлөт»,-деди ал.

Ал белгилегендей, аталгар борбор жергиликтүү компанияларга товар экспорттоодо тиешелүү системаларга катталып, зарыл болгон талаптарга жооп берүүгө жардам берип келет.

«Ошондой эле Европа өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн керектелүүчү техникалык регламенттер, стандарттар жана талаптар тууралуу маалымат берип, компанияларды эл аралык жарманкелерге да катыштыруудабыз. Мисалга алсак, жакынкы күндөрү Россиянын Октябрь шаарында «Аного» аттуу эл аралык көргөзмө өтөт. Анда кыргызстандык ишкерлер кургатылган жер-жемиштерди, бал азыктарын көрсөтүшүп, кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюулары күтүлүүдө»,-деди ал.

27 Август 2025 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча