Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 15-июлда башталат

Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу 2024-жылдын 15-июлунда башталат.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, кесиптик лицейлерге кабыл алуу бул сайтка катталуу аркылуу жүргүзүлөт.

Кесиптик лицейлерде бюджеттик негизде окуу үчүн 2024-2025-окуу жылында биринчи курска Кыргызстандын 16,5 миң жаранын кабыл алуу пландаштырылган.

4 Июль 2024 жыл 10:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча