Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктады.
Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети 4-декабрда билдирди. Өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын төрагалары — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун 4-декабрда Баткендеги жолугушуусунда тактоо иштери аяктаганы айтылган.
Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.