Кочкор районунда дээрлик 400 млн сомго автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап автовокзалдын курулушу улантылууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 394 млн сомду түзөт.

Жаңы автовокзал эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери заманбап стандарттарга жана талаптарга ылайык жарандардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

Долбоордун ишке ашырылышы аймактардагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Курулушка көзөмөл жүргүзүү Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.

29 Апрель 2025 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча