Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн өндүрүшкө алды

Конституциялык соттун судьялар коллегиясы 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелери Конституцияга, анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Конституциялык соттун сайтына жарыяланды.

Адвокат Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 243, 251, 253-256-296-412-421-беренелери Конституциянын преамбуласына, Баш мыйзамдын 1-24-59-61-100-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнгөн жана тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун көрсөткөн. Жактоочу бул айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат деп эсептейт.

Консоттун сайтында: «Арыз ээси укук колдонуу практикасынын тараптардын тең укуктуулугу принцибине ылайык келбегендигин белгилеп, бул айрым учурларда тергөө айыпталуучунун турган жери аныкталганга чейин токтотулса, ал эми кээ бир учурларда укуктук аныксыздыкты жаратуу менен тергөө сырттан уланып жаткандыгын көрсөткөн. Ошондой эле ал тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциби кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар айыпталуучунун сырттан чыгарылган сот актыларын кайрадан каратуу жана процесстин бардык баскычтарына катышуу укугун кепилдөөсүн талап кылаарын көрсөткөн», деп жазылган.

Адвокат ошондой эле айыпталуучу апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда даттануу жол-жоболору аяктагандан кийин келсе, ал сырттан чыгарылган өкүмдү даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы — сот адилеттигин жокко чыгарарын белгилеген.

Ушундан улам жактоочу өзү талашып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну Конституциялык соттон өтүнгөн. Консот өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап, алты айдын ичинде ал боюнча акт чыгарыларын билдирди.

13 Декабрь 2024 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча