Корумду — Балбай баатыр унаа жолунун 51,3 чакырымы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай баатыр тилкесинде учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатат. Курулуш иштери башталгандан бери 51,3 чакырым аралыкка асфальттын астыңкы катмары басылды.
Мындан тышкары 14 кɵпүрɵ реконструкцияланууда жана 2 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵктɵрдү куруу иштери уланууда. Ошондой эле, 212 суу түтүктɵр орнотулуп бүттү.
Белгилей кетсек, учурдагы автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тосулат.
«Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат»,-деп айтылат билдирүүдө.