
“МИК” ААК Бишкек шаарынын Скрябин 45-45а дарегинде жайгашкан турак жай комплекстеринин цоколдук, коммерциялык жайларына жана жер үстүндөгү, жер астындагы автопаркингдерге ачык аукцион жарыялайт. Цоколдук жана коммерциялык жайлардын аукциону 2025-жылдын 23-июнунда саат 13:00до өткөрүлмөкчү. Ал эми жер үстүндөгү, жер астындагы автопаркиндердин аукциону 2025-жылдын 24-июнунунда саат 13:00 өткөрүлөт. Аукциондун өткөрүлчү жери: Бишкек ш., Ч. Айтматов көчөсү 1.
Цоколдук жана коммерциялык жайлар боюнча аукцион тогуз (9) лоттон турат. Жер үстүндөгү, жер астындагы автопаркингдер эки (2) лоттон турат. Аукциондук бланкты алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек ш., Ч. Айтматов көчөсү 1
Аукционго катышуу үчүн алдын ала 20 000 (жыйырма миң) өлчөмүндөгү төлөм жүргүзүү талап кылынат. Катышуу үчүн өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-июну, саат 16:00 чейин кабыл алынат.
Толук маалымат алуу үчүн ГИК.КЖ сайтына кирип “Тендерлер жана аукциондор” баскычын басып, акыркы жарыяланган аукцион тууралуу маалымат алсаңыз болот.