Курултайдын делегаты Нью-Йоркко Кыргызстандын консулдугун ачууну суранды

III Элдик курултайдын делегаты Алтынбек Ахматов Улуу Британия, Канада жана Америкадагы кыргызстандыктардын көйгөйүн көтөрдү.

Анын айтымында, Tier 5 визасы бар адамдар жумуштан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, депортациялоо маселеси да жаралууда.

Ошондой эле ал Нью-Йоркто консулдук же бөлүм ачууну суранды, анткени бул шаар Америкадагы эң чоң шаар жана анда көптөгөн кыргызстандыктар жашайт.

Муну менен катар ал каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жөнөтүүгө каражат жетишсиз экенин, мекендештерден чогултууга аргасыз болушарын белгиледи.

20 Декабрь 2024 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча