Кыргыз футбол биримдиги Азия кубогун өткөрүүнү пландоодо

Кыргыз футбол биримдиги 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азия кубогун өткөрүүнү пландоодо.

Биримдиктен билдиришкендей, Азия футбол конфедерацисынын (АФК) акыркы чечимине ылайык, 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан улам, мелдешти өткөрүү үчүн тандалган ассоциация үч жыл катары менен – 2026, 2027 жана 2028-жылдары өспүрүмдөр арасындагы жана кыздар арасындагы Азия кубогун өткөрүүгө тийиш.

Учурда Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы футбол объектилери мындай деңгээлдеги континенталдык турнирлерди ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз футбол биримдиги эл аралык турнирлерди уюштурууну жакшыртуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет.

Тиешелүү арыз 4-декабрга чейин Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлөт.

29 Ноябрь 2024 жыл 13:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча