
Өзбекстанда Анжиян облусундагы эки жер астындагы тоннель аркылуу аткезчиликке байланыштуу кылмыш иши иликтенип бүтүп, тиешелүү адамдарга сот өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) басма сөз кызматы маалымдады.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында бул мыйзамсыз аракеттердин уюштуруучусу Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал кылмыштуу топко жетекчилик кылып, катышуучулар арасында милдеттерди бөлүштүргөн. Топтун курамында Өзбекстандын жарандары да болгон.
Анжиян шаарынын кылмыш иштери боюнча соту уюштуруучуну Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери — «Бажы мыйзамдарын бузуу» жана «Республикалык чек арадан мыйзамсыз өтүү же кирүү» — боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле Өзбекстандын үч жаранына «Бажы мыйзамдарын бузуу» беренеси боюнча күнөө коюлуп, ар бири беш жылдан эркинен ажыратылды.
Тоннелдердин бири Ханабад шаарындагы Алишер Навои атындагы махалладагы жеке үйдүн алдынан табылган. Үй жана анда сакталган товарлар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, тоннель толугу менен жок кылынган. Экинчи тоннель да өзбек жаранына таандык үйдөн табылып, ал да талкаланып, үй жана мүлк мамлекетке өткөрүлгөн. Үй ээсине беш жылга эркинен ажыратуу жазасы берилди.
МККнын маалыматына ылайык, тоннелдер 20 метр тереңдикте казылган. Алардын туурасы 70–80 сантиметр, бийиктиги 170–180 сантиметрди түзгөн. Биринчи тоннелдин узундугу 350 метр, экинчиси — 135 метр болгон.
Бул жер астындагы жолдор аркылуу Өзбекстанга жаңы үлгүдөгү iPhone’дор, ноутбуктар, планшеттер жана башка электроника мыйзамсыз ташылып турган. Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга зер буюмдар жана алтын чыгарылып келген.
Кылмышкерлердин бир бөлүгү колго түшүрүлгөн учурда алардын жанынан 813 коробка iPhone жана болжолдуу эки килограмм зер буюмдар табылган. Бул буюмдар далил зат катары алынган.
МКК бул кылмыштуу ишке эки өлкөнүн жарандары катышканын белгилеп, мамлекеттик чек арадан өтүүдө мыйзамды катуу сактоого чакырды.
Эскерте кетсек, 2023-2024 жылдары Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасынан казылган бир нече тоннелдер табылып, уюштуруучуларына жазалар берилген.