
Кыргыз-өзбек автозаводунан темир тулпар алгысы келгендер үчүн «Жеңилдетилген автокредит» долбоору башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, насыялар мамлекеттик Элдик Банк жана Айыл Банк тарабынан 8 пайыз жылдык үстөгү, 20 пайыз минималдуу баштапкы төлөмү менен берилет.
Заводдон чыгарылган автоунаалардын баасы:
Chevrolet Cobalt — 1 057 300 сом
Chevrolet Onix — 1 З61 200 сом
Chevrolet Tracker — от 1 667 800 сом
Damas минибусу — от 736 400 сом
Labo микровэни — 740 400 сом.
Экономика министрлиги «Тулпар Моторс» заводунун ишке кириши Кыргызстандын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн жаңы этабы болгонун белгиледи. Долбоордун алкагында 1000 жумушчу орду түзүлүп, жалпы инвестициянын көлөмү 50 миллион долларга жакын болот. Долбоор үч этап менен ишке ашат.