
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтүүгө 2026-жылдын июнь айында шайлоо болот. Кыргызстан бул шайлоого катышууга даярдык иштерин жүргүзүүдө.
“Жакында эле 23 өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетишти. Президент менен, министр менен жолугушту. Кыргызстанда болуп жаткан бардык жетишкендиктерди, бардык процесстерди өз көздөрү менен көрүп, кампаниянын алкагында алар өлкөбүз жөнүндө толук кандуу маалымат алыш керек. Бир орунга Кыргызстан гана барбастан, эки өлкө ат салышууда. Биз ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз, бул биз үчүн чоң приоритет”, — деп белгиледи Касымалиева.
Кошумчалай кетсек, бүгүн комитеттин жыйынында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2023-жылдан 2025-жылдын май айына чейинки ишмердүүлугү тууралуу маалыматы угулду.