Кыргызстан Кытайга экспорттолуучу эттин түрлөрүн кеңейтет

Кытайдын рыногуна экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда Кыргызстан ветеринардык-санитардык талаптар жана инспекциялык көзөмөл тартиби боюнча беш жаңы протоколду даярдоо жана макулдашуу процесстерин баштады. Бул документтердин кол коюлушу кыргыз продукциясынын Кытай рыногунун кошумча сегменттерине чыгышына жол ачат.

Сөз төмөнкү товардын түрлөрү жөнүндө болуп жатат:

  • термикалык иштетилген уй эти жана уйдун азыктык ички органдары;
  • термикалык иштетилген кой-эчкинин эти жана анын азыктык ички органдары;
  • муздатылган жылкы эти жана жылкынын ички органдары;
  • жылкынын терилери;
  • жылкы тукумундагы тирүү мал.

Аталган беш протоколдун кабыл алынышы Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн бир топ кеңейтүүгө, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле Кытай рыногуна чыгарылуучу товар түрлөрүн диверсификациялоого мүмкүндүк түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Кытайга 32ден ашуун айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын экспорттоого укук алган. Аларга бал, буурчак, жаңгак, сүт азыктары, балык, жүн жана башка товарлар кирет. Экспорттук тизмектин кеңейиши кытайлык көзөмөл органдарынын ишениминин жогору экенин жана кыргыз продукциясынын эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келерин тастыктайт.

Айыл чарба министрлиги ички экспорттоочуларды колдоо боюнча системалуу иш алып барууда. Анын ичинде кытай инспекцияларынан өтүүдө ишканаларды коштоп жүрүү, консультациялык жардам көрсөтүү, ветеринардык-санитардык талаптарды аткарууга көмөктөшүү жана жаңы товарларды Кытай рыногуна илгерилетүү боюнча иштер жүрүп жатат.

4 Декабрь 2025 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча