Кыргызстан менен Кытай 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 45 миллиард долларга чейин жеткирет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Үрүмчү шаарында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселесин талкуулашты.

Эске сала кетсек, КР Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айында Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытай эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча чаралар тууралуу макулдашышкан.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн алдында 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнүн көлөмүн 45 миллиард долларга жеткирүү милдети турат.

Үрүмчүдөгү жолугушууда Бакыт Төрөбаев менен Ма Синжуй бул буйрукту аткаруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты. Сөз биринчи кезекте транспорттук-логистикалык инфраструктураны модернизациялоо, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жана өз ара инвестиция үчүн шарттарды жакшыртуу жөнүндө болуп жатат.

17 Март 2025 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча