Кыргызстан менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, бүгүн президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, алмашылды.
Негизги документтердин арасында «Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө» макулдашуу. Кыргыз тараптын атынан документке КР СӨПтүн вице-президенти Авазбек Керимбаев кол койду.
Ишкерлер кеңешинин түзүлүшү экономикалык байланыштарды арттыруу, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү жана соода жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болмокчу.