
Соттук-эксперттик кызмат Борбор Азиядагы баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-координациялык борборунун эл аралык эксперттери Массимо Барбалья менен Роза Фабианды кабыл алды.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул сапар Борбор Азиядагы синтетикалык баңгизаттар менен жаңы психоактивдүү заттардын жайылышынын өсүп жаткан коркунучуна каршы күрөшүү багытында тажрыйба жана билим алмашууга арналды.
Эксперттер аймактагы баңги кырдаалы тууралуу талдоолорун сунушташса, ал эми Соттук-эксперттик кызматтын баңгизаттарды изилдөө боюнча практикалык иши көрсөтүлдү.
Лабораториялык изилдөөлөр учурунда баңгизаттарды, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттарды, ошондой эле прекурсорлорду аныктоонун эң натыйжалуу ыкмалары жөнүндө пикир алмашуу болду. Айрыкча адистердин квалификациясын жогорулатуу маселесине көңүл бурулду.
Министрликтен белгилешкендей, эл аралык эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндө синтетикалык баңгизаттар, анын ичинде жаңы психотроптук заттар менен байланышкан жаңы коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн эрте эскертүүчү пилоттук аймактык системаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн баалашты.