Кыргызстанда 93,6 миңден ашык мугалим бар

Жалпысынан 2024-2025-окуу жылында мектептерде 93 миң 696 мугалим иштесе, анын 87 миң 385и мамлекеттик мектептерде эмгектенет. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, педагогикалык жамаат 12 жылдык билим берүүнүн жаңы талаптарына жооп бериши үчүн жаңы 2025-2026-окуу жылына карата мугалимдер үчүн 27 миңден ашык ноутбуктар сатып алынууда.

“Мугалимдер жаңы, практикалык технологияларды, өзгөчө STEM программаларын үйрөнүп жатышат. Математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили сыяктуу предметтерге өзгөчө көңүл бурулууда”, — деди Надира Жусупбекова.

12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу мугалимдерди даярдоо боюнча масштабдуу окуулар уюштурулган. 80 мастер-тренер дээрлик 16 миң мугалимди STEM тармагында окутту. Ошондой эле 37 миңден ашык мугалим башка предметтер боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын бүтүштү.

10 Июнь 2025 жыл 16:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча