Кыргызстанда 4-5-ноябрга карата шашылыш эскертүү таратылды.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.
Бул күндөрү айрым аймактарда жаан карга айланат, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, ал эми кээ бир жерлерде катуу жаан-чачын болот. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жетет.
Тоо этектериндеги жана тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Аба ырайынын температурасы:
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын, байланыш компанияларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайыттарда жана мал багууда кыйындатат.
Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында 6-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен -1ден -3°Cge чейин ушук жүрүшү күтүлүүдө, бул жашылча-жемишке, жабылбаган картошка жана кант кызылчасына коркунуч жаратат.
Жарандык коргонуу кызматтары тургундарга жана айдоочуларга этият болууну, зарыл болбосо алыскы сапарларга чыгуудан карманып турууну жана айыл чарба түшүмдөрүн үшүктөн коргоону сунуштайт.