
Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду:
Кол коюлган жарлыкка ылайык президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.
Жарлык Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө системалуу өз ара байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун интеграцияланган жана натыйжага багытталган системасын түзүү, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынды.